www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында британиялык The Sun басылмасы Ванга менен Нострадамустун президент Владимир Путиндин тарыхтагы ролу, Россия Федерациясынын тагдыры жана 2023-жылы башталышы мүмкүн делген үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу бир нече жаңы божомолдору жарыялады.
Ванганын дүйнө тууралуу божомолдору...
Дүйнө "адамдар өздөрүнө жасаган иштеринин кесепеттерин жоюуга" киришет.
Өлкөлөрдүн бири биологиялык куралды сынай баштайт, андан калктын эбегейсиз бөлүгү жабыркайт. Эксперимент учурунда коркунучтуу оорулардын вирустары куюлат, бул масштабдуу эпидемияга алып келет.
Масштабы боюнча Чернобылга окшош өзөктүк катастрофа болушу мүмкүн. Өлкөлөрдүн биринде атомдук электр станциясында жарылуу болуп, курман болгондордун саны абдан көп болот.
Эл аралык экономикалык рынокто лидерлер алмашат. Туруксуздук Америка Кошмо Штаттарын басып алуу коркунучун жаратат. Келечекте өлкөгө белгилүү бир "кызыл ажыдаардын" күчү коркунуч туудурат. Бул өлкөнүн таасиринин күчөшү доллардын арзандашына жана элдик толкундоонун күчөшүнө алып келет.
Катуу бороон-чапкындар болуп, электр энергиянын массалык түрдө өчүрүлүшүнө жана байланыштын олуттуу маселелерине алып келет.
Медицина жаңы деңгээлге чыгат. Онкологиялык оорулар "темир чынжырга байланган" күн келет.
Ванганын Россия тууралуу божомолдору...
Россия бактылуу тагдырга жана эл аралык аренада ийгиликке жетишет. Мамлекет башка өлкөлөргө таасиринин тынымсыз өнүгүшүн жана жайылышын күтүп жатат. Башка өлкөлөр Россияга көңүл буруп, анын күчү, кызыкчылыгы менен эсептеше баштайт. Өлкөнүн таасири күчөйт, бул процессти эч ким токтото албайт. Натыйжада мамлекет күчтүү державага айланып, өз позициясын көпкө кармап турат. Россияда тынчтыктын жана жыргалчылыктын доору миң жылга түптөлөт.
Ванга дүйнөлүк тартип түп-тамырынан бери өзгөрө турганын алдын ала айткан. Көзү ачык Россия менен Американын ортосундагы мамиле акыры үзүлүп, Россия менен Кытай тыгыз кызматташа турганын айткан. Анын "Россия дүйнөгө үстөмдүк кылат" дегени да бар.
"Бардыгы муздай эрийт, бир гана нерсе кол тийбестен калат — Владимирдин даңкы, Россиянын даңкы. Владимир Путин - дүйнөнүн башкаруучусу болуп калат", - деп айткан Ванга.
Нострадамустун божомолдору...
2023-жыл аномалдуу коомдук-саясий жана климаттык катаклизмдер менен эсте калат. Тополоңдор ачылыштарга жана адамзаттын жашоосунда жаңы доордун башталышына алып келет. Бул бир эле учурда берекелүү жана коркунучтуу. 2023-жыл адамдын тазалануусун жана руханий кайра жаралышын белгилейт. Жердин тең салмактуулугун бузуп, Жердин орбитасын өзгөртө турган от түшөт.
Океанда силкинүүлөр болуп, бул ири цунамилерди жана жер титирөөлөрдү жаратат. Англия менен Американын түштүк жээгин океан суулары каптайт. Көптөгөн өлкөлөрдө ичүүчү суу, азык-түлүк тартыштыгы жаралат.
Чоң аскердик кагылышуулар болот. Ислам мамлекеттери жаңы аймактарды басып алууга аракет кылат. Түркия мусулман дүйнөсүнүн кызыкчылыгын тебелеп, араб-түрк жаңжалынын жаралуу коркунучу чоң. Түркиянын жээгинде исламчылар менен христиандардын ортосунда кагылышуу болушу мүмкүн.
Европа жети айга созула турган аскердик тирешүүгө кабылат. Көптөгөн адам өлүп, натыйжада жаңы дүйнөлүк тартип болот.
АКШда саясий туруксуздук, жакырчылык жана элдин башкаруучу режимге нааразылыгы 2023-жылдын башында жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Божомолдордо америкалык президент "сырдуу ооруга" чалдыгып, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири автокырсыктан каза болот.
Бир катар аскердик кагылышуулар, экономикалык башаламандык жана оор кризис олуттуу миграцияга алып келет. Адамдар үйлөрүн таштап, тынч, бейпил жерлерди издеп кетет. Бирок бул дүйнөдө тамак-аш жана ичүүчү суунун тартыштыгын гана күчөтөт.
2023-жылы адамдар акча менен от жагат, анткени алар мындан ары эч нерсеге жарабай калат. Массалык баш аламандыктар башталат.
Жасалма интеллект моделдеринин бири өзүн-өзү түшүнүп, бардык компьютер системаларын башкара баштайт. Бул кадимки жашоо образынын толук кыйрашына жана бузулушуна алып келет.
Нострадамустун Россия тууралуу божомолдору...
2023-жыл Россиянын башкаруучусу үчүн чоң чакырык болот. Россия жана бир нече Чыгыш мамлекетин камтыган союз пайда болот. Өлкөнүн лидерине бардык россиялыктар үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон татаал тандоо жасоого туура келет. Мамлекет Нострадамус алдын ала айткан бардык сыноолорго туруштук берип, ийгиликтүү өнүгөт.
Дүйнөдөгү табигый кырсыктар Россиянын түндүк бөлүгү көптөгөн элдер үчүн жашоочу жер болуп калышына алып келет. Өлкөнүн аймагы кеңейет. Элдин турмушу жакшырат, жумушсуздук азаят. Нострадамус "Россия - адамзаттын кайра жаралышынын булагы" деп эсептеген.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.
Булак: NazarNews.kg