www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 7-13-август аралыгында 36 миң 536 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде 2 миң 129 айдоочу ылдамдыкты ашырган, ал эми 1 миң 3 адам тиешелүү документтери жок унаа башкарган.
Ошондой эле 534 айдоочу мас абалында рулга отурганы аныкталган.
Мындан тышкары:
288 мыйзамсыз караңгылатылган айнек;
32 автоээнбаштык;
жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруунун 19 учуру катталган.
Жол эрежесин бузган 3 миң 552 унаа атайын айып короого киргизилди.
Милиция жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырды.