www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында пара талап кылуу фактысы менен 2 мугалим кармалганы боюнча шаардык милиция маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал баласын Ош мамлекеттик университетине өткөрүү үчүн аталган окуу жайга алып барганда окуу жайдын мугалими 1200 доллар акча талап кылганын айткан.

"Ыкчам иштердин натыйжасында, талап кылынган акчанын бир бөлүгүн, тактап айтканда 40 миӊ сом акчаны алып жаткан учурда аталган окуу жайдын кызматкери Ө.А. кармалган. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал тиешелүү сумманы Ош шаарынын Токтогул эс алуу багына алып келип берүүнү айткан.

Учурда шектүү мугалим убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алгачкы көрсөтмөсүндө арыздануучудан чындыгында эле анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 1200 доллар сураганын билдирген.

Ушундай эле факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин мугалими У.И. кармалган. Ал баласын аталган мектепке өткөрүү үчүн барган энеден эки миӊ сом акча талап кылган. Шектүү соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости