www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү мурдагы жылдарга караганда салыштырмалуу 2,9 млрд кубга аз. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн сактоо үчүн Бишкектеги жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) басым жасалууда.

“Бүгүнкү күндө ЖЭБде болжол менен 1,3 млрд кВт саат электр энергия өндүрүлдү. Ал былтыркы жылга караганда 20-30 пайызга көп. Ошондой эле Түркмөнстан менен 500 млн кВт саат электр энергия боюнча келишим бар. Ал Өзбекстан аркылуу келүүдө. Мындан сырткары, буга чейин айтылгандай, Казакстан жана Өзбекстан менен дагы келишим бар”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости