www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров 15-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында боло турган иш сапарынын алкагында кандай иш-чараларга катышары тууралуу маалымат кызматы кененирээк айтып берди.

Өлкө башчы алгач 16-сентябда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясына катышат.

"Тажикстандын төрагалыгында өтө турган ЖККУ сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыгы жөнүндө пикир алмашат. Жыйыныктоочу декларацияга жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлүп жатат", — деп жазылган маалыматта.

Ал эми 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

"Күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгын, уюм алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы менен келечегин, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт. Отурумдун жыйынтыгы менен ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларация кабыл алуу пландалууда. Мындан сырткары, уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө", — деп айтылган билдирүүдө.

Ошондой эле президент Жапаров Афганистандагы кырдаал боюнча ШКУ жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчыларынын жолугушуусуна катышат. Эки тараптуу жолугушуулар да өтмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости