www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен:
- профессионалдык ишмердүүлүк - 35,4%;
- Өндүрүш өнөр жайы - 35,4%;
- пайдалуу кендерди казуу - 22,5%;
- кайра иштетүүчү өнөр жайы - 19,3%.
«Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн»,-деди ал.
Инвестициялар министринин орун басары төмөндөгудөй иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:
- соода-өнөр жай палатасын реформалоо;
- эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралууда;
- «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда;
- Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкты жана макулдашылып жатат;
- инвестиция чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, макулдашылууда;
- КРда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.
Булак: NazarNews.kg