www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Улан Даникеев 2023-жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин кирешеси 66 миллиард 344,6 миллион сомду түзгөнүн билдирди.
Бул белгиленген пландан 5,5 млрд сомго жогору, ошондой эле 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,8%га же 12,8 млрд сомго көп.
"Салыктык кирешелер 53,8 миллиард сомду, салыктык эмес кирешелер 10,9 миллиард сомдон ашык, расмий трансферттер 1,6 миллиард сомду түздү", — деди Даникеев
Ал эми республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү болсо 68 миллиард 349,8 миллион сом болуп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 19,3 млрд сомго көбөйгөн.
Быйылкы биринчи кварталдагы бюджеттин кирешеси менен салыштырганда, дээрлик 2 миллиард сом таңсыктык келип чыгат.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 миллиард 589,3 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул мезгилге белгиленген план 1,3 миллиард сомго ашык", - деп мактанып жаткан.
Мына киреше менен чыгашаны санай келгенде, бюджеттин тешиги аңырайып турат. Мындай темп менен жыл аягына чейин бери жагы 8 миллиард сом таңсыктык жаралат.
Ал эми Исламбек Кыдыргычев белгилегендей, 2023-жылы Салык кызматы 250,5 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек. Салыктар боюнча жылдык план 196,1 миллиард сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 54,4 миллиард сом.
Ошондо булар мактанып жаткандай биринчи кварталда 54 миллиард 589,3 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн пландан 1,3 миллиард сомго ашык чогулткан менен жыл аягына чейин ушундай ашык чогулттук деген норма сакталса болгону (54 миллиард 589 миллион сомду 4 кварталга көбөйтөлү) 218 миллиарддан бир аз ашык сом чогулат экен.
Ошондо, бир жылдык бекитилген норма 250, 5 миллиард сомго караандабай жатышпайбы? Жок дегенде бери жагы 32 миллиард сом бюджеттин таңсыктыгы жаралат. Анан кайсы арларына манипуляция кылып планды ашыгы менен аткарып жатабыз деп президенттин башын айлантып жатышат?