www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевге ыңгайсыз суроо берди.
"Саламаттыкты сактоо министрин кармай коём деп бир жолу иштен четтеп кайра келдиңиз. Ушуну мыйзамдуу болгон деп эсептейсизби?", - деди депутат.
"Кызматтан четтеп, кайра келгеним жок. Кызматымды, милдетимди убактылуу токтоттум. Бул президенттин буйругу. Ошол мезгилдеги министр "кандайдыр бир пикир келишпестиктер бар, ошондон кийин иш козгоду" деп айткан. Адилет болсун деп четтетти. Мамлекеттин кепилдиги президент. Президент кабыл алган кандай чечим болсо, биз аткарууга милдеттүүбүз", - деп жооп берди Зулушев.
"Мыйзамда ошондой көрсөтүлгөнбү?", - деди депутат.
"Мыйзамдагы нормалар боюнча президент бардыгына жоопкер деп жатпайбы…", - деди Зулушев.
"Жок андай эмес, кожоюн өзү билет дедиңиз да", - деди Мадумаров.
"Жок, анткен жокмун, мен так маалымат берип жатам", - деди башкы прокурор.
Булак: NazarNews.kg