www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары элди алдабай эле, "арзандатылган насыя акча" деген акцияны толугу менен токтотуп коюш керек. Мындай пикирин академик Жамин Акималиев билдирди.

- Дыйкандарга 2 пайыз менен жеңилдетилген кредит берилип жатат. Ошондой эле ошто агро ишкерлер 100 млн сомго чейин жеңилдетилген насыяларды алса болот экен. Мунун баары айыл чарбаны өнүктүрүүгө өбөлгө болобу?

- Деги эле, жеңилдетилген насыя акча алып, ошондон пайда таптым деген дыйкандар жокко эсе. Ошол эле учурда Айыл чарба министрлиги кийинки жылдарда мамлекеттин эсебинен миллиарддаган арзан кредиттерди берип, фермерлерди жыргатып койдук деп обу жок мактанып жүрөт. Чындыгында карапайым эл "Айыл банк" же "РСК" банктарына барып сурашса, "электрондук кезекке тур" деп айтышат. Турса, жок эле дегенде жүзүнчү болуп катталат же болбосо кезек түгөнүп калат. Ага чейин кимдер катталды? Ошолор чындыгында эле муктаж кедейдыйкандарбы же баягы эле бай-манаптар, тааныштар, достор жана банктын эле кызматкерлериби деген суроого эч ким жооп бербейт.

Менин оюмча "жеңилдетилген насыя" деген түшүнүк - бул айыл чарбасына көмөк көрсөтүп, аны алдыга жылдырып жатабыз деген шылтоо менен эле мамлекеттен арзан акча алып, атайын чөйрөдөгү айрым адамдардын чексиз байып жатышы. Себеби бечара дыйкандардын 98 пайызы мындай жеңилдетилген кредитти алмак тургай, аны көргөн дагы эмес. Демек бул жерде турукташып калган коррупциянын бар экендиги байкалып турат, бирок аны аягына чейин кылдаттык менен текшерген бир дагы жан жок. Мындан эң биринчи байыган банктардын өзү жана анын ээлери. 6 пайыз үстөк менен арзан кредит бердик деген менен, алар чындыгында 12 пайыз үстөк менен иштеп жатышат: 6 пайызын кардарлар төлөйт, ал эми калган 6 пайызын банктарга мамлекет өзү берет. Кыскасы, мындай жеңилдетилген кредиттердин жардамы менен байлар ого бетер байып жатышат, ал эми элет жерлериндеги кедей дыйкандар барган сайын жакырчылыкка батып баратышат. Ошондуктан мындан ары элди алдабай эле, "арзандатылган насыя акча" деген акцияны толугу менен токтотуп койуш керек. Себеби карапайым элге анын кымындай дагы пайдасы жок.

Эми республикабыздын каржы министрлиги Ош облусунун айыл чарба ишкерлерине 100 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет деп жарыялап чыкты. Бул дагы кезектеги куру сөз болбосо эле болду. Биринчиден, жалпы жонунан канча каражат бөлүнөрү айтылган эмес. Экинчиден, киши таңгалгандай, үстөк пайызы өтө эле төмөн (1,5-2%), ал эми мөөнөтү узун экен (5-7 жыл). Эми кептин баары - ушундай арзан жана узак мөөнөткө бериле турган акчаны карапайым муктаж адамдар кантип алат? Алар эмне кайрадан эле кезекке турушабы же тааныш издешеби? Кардарлар кандай принциптер менен таңдалынып алынат? Күрөө талап кылынабы? Мындай суроолор аябай көп. Эмне үчүн каржы жана айыл чарба министрликтери жер-жерлерге барып алдын ала социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшпөйт, айылдагы эң кедей жана эң муктаж дыйкандарды аныктап, анан ошолорго гана жардам көрсөтпөйт? Бул жерде дагы бүдөмүк бар. Менин коркконум - атайын дыйкан чарбалар үчүн деп 1,5-2 пайызга чейин арзандатылган кредиттерди жакырлар албай, кайрадан ошол эле Финансы-кредиттик фонддун жана АРИСтин кызматкерлери, тааныштары, көңүлдөштөрү жана акчага тойбогон олигархтардын өкүлдөрү алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул жерде дагы тийиштүү органдардын көзөмөлдөшү абдан зарыл.

Sayasat.kg

Последние новости