www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин «Кыргыз Милициясы» аталышындагы толук түстүү, 64 беттен турган журналы бар. Ар квартал сайын жарык көрүп келет. Аталган журналга ички иштер тармагында эмгектенген кызматкерлер аткарган иштери, баскан жолдору, кыял-максаттары ошондой эле үй-бүлө жана жан дүйнө жаатында маек куруп келишет. Бул сапар Ош ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору, милициянын майору Урмат Узаков менен «Кыргыз Милициясы» журналынын кабарчысы Азиза Байзаева баарлашты. Чогуу окуйлу…
ЖАЗА КАТАРЫ ЗАЛГА БАРЫП, ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТ ДҮЙНӨСҮ
....Каарманым өзү Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы шаарлардын бири болгон айтылуу Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен өзү теңдүүлөрдөн алда канча чоң жана билектүү болгон каарманым Урмат мырза, мектепке бараар менен класстагы биринчи атамандыкты багынтып, андан кийин өзүнөн улуу балдар менен күч сынашып, алардын да айласын кетире баштайт. “Баламды уруп койду”, “тигини кылып койду” деген өңдүү мектептен келген арыз-даттануулардын айынан, атасы уулун, “Эгер ушунчалык эле күчтүү болсоң, күчүңдү спорттон чыгар” деп, борбор шаардагы спорт комплекстеринин бирине спорттун “самбо” түрүнө жаздырып коёт. Сабактан кийин спорт залга жүгүргөн каарманымдын балдар менен урушаарга же дагы бир тентектик кылаарга убактысы да, физикалык күчү да калбай калат. Ошентип, тентек баласынын айласын тапкан атасы ал кезде уулунун келечегине чоң салым кошуп жатканын өзү анчейин аңдай бербесе керек. “6-класста окуп жатканда жаш өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир болуп калды. Ошол турнирде спорттун “самбо” түрү боюнча биринчиликке жетип, колума кубок алып, мойнума медаль тагындым. Өзүңдөн бир топ жаш улуу анан да башка улуттун өкүлдөрү сага кол чаап, сенин тууңдун алдында гимниңе кулак салып турса, 6-класстагы бала үчүн айтып бүткүс кубаныч, эргүү (мотивация) тартуулайт экен. Үйдө апам менен атам да бул жеңишимди өзгөчө кубануу менен кабыл алып, мектебиме барып, мугалимдерге жана тренериме жууп берген күнү али күнчө эсимде” деген Урмат мырзанын ар бир жеңиши, ар бир ийгилиги үчүн ата-энеси кубанып, ар дайым колдоо көрсөткөнү үчүн да мектеп жашында эле “Самбо” жана “Дзюдо” өңдүү спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери болууга жеткишкен...
КЫЗМАТТЫ БЕЛЕК КАТАРЫ АЛЫП...
Каарманым Урмат мырзанын атасы медицина тармагында эмгектенип, ак халатчан болсо, ал эми апасы бажы кызматында эмгектенип, өмүр бою форма кийип жүргөн. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген кыргызда жакшы макал бар эмеспи, анын сыңары, эки мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүнөн тартип жаатында эмгектенген мамлекеттик кызматкер чыкканы таң калыштуу көрүнүш катары кароого болбосо керек. Кара күчү менен акылын шайкеш келтирип, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылсам деп кыялданган каарманым окууну аяктагандан кийин ИИМдин Академиясына тапшырат. Ал жакта да спортту таштабай, Академиянын, ИИМдин атынан спорттук иш-чараларга байма-бай катышып жүрүп, 2013-жылы аяктайт да, Ош ШИИБдин кадрлар резервине алынат. Көп убакыт өтпөй эле тартип сакчыларынын арасында эл аралык чемпионат башталып, Урмат мырза кыргызстандын командасына кошулуп, Түркия мамлекетине эл аралык турнирге катышат. Топтогон упайлардын жыйынтыгы менен өлкөнүн тартип сакчыларынын намысын коргоп барган команда 3-орунду алып, иш-чарадан кийин министрдин кабыл алуусунда болот. Ошол кездеги ИИМдин министри, милициянын генерал-майору Абдылда Суранчиев бардык жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, каарманым Урматка токтолот да, “Ай жигит, сен кайда иштейсиң?”-деп, күтүүсүз жерден суроо узатат. Урмат мырзанын, “Жолдош генерал,кадрлар резервиндемин” деген жообун уккандан кийин, жылмайыңкы жүз менен, “Азаматсың! ИИМден сага белек болсун, Кылмыш иликтөө кызматында иште, эл корго” деп, ошол жерден эле буйрук даярдалып, министрдин буйругу менен Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө кызматында ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөй баштайт.
КЫЛМЫШ ИЛИКТӨӨ КЫЗМАТЫ КООПТУУ ЖАНА КЫЗЫКТУУ ААЛАМ
Милиция кызматкеринин, анын ичинде ыкчам кызматкердин кызматына байланыштуубу же башка себептенби айтор, бул жигиттер сөзгө аябай сараң, бирок окуяларга бай келишет. Аларды сөзгө көндүрүү, башынан өткөн окуясын айттыруу кылмышкерди күнөөсүн мойнуна алдыруудай эле бир топ түйшүк жаратат. Эгер эле тилин таап, сүйлөшө алсаңыз, айтып берген кыймыл аракети, эмоциясынын аркасында ошол күнгө, ошол окуяга саякаттап келгендей эле болосуң. Кылмыш иликтөө кызматында 8 жыл кызмат өтөгөн Урмат мырза сөз учурунда мени башынан өткөргөн мындай окуясына саякатка алып барып келди.
“...2013 же 2014-жылдары болсо керек. Ош шаарында белгисиз жаран бир чет элдик жаранды курал менен коркутуп, жанындагы акчасын тоноп, качып кеткендиги жөнүндө арыз келип түшөт. Издөө иштеринин натыйжасында уурдап качкан жаран Баткен шаарынын тургуну экендиги аныкталат. Кылмышкерди кармоо үчүн шеригим экөөбүз Баткен шаарын көздөй жөнөп кетебиз. Сураштырып олтуруп, ал жигит күнүгө кечинде шаарда жайгашкан компьютердик клубдардын бирине келип кетээрин билип, ал компьютердик клубдун жер төлөөсүндө 4 саат күтүп жаттык. Кеч киргенден кийин биз издеп жүргөн жигит клубга кирээри менен эч нерсе оюбузда жок, анын артынан кирип, кармап калдык. Көрсө ал жерде кылмыштуу топ чогулуп, өз ара жыйын курган жай экен. Бизди баары тегеректеп, курчап калды. Колубузда курал болгону үчүн көп жакындай албай, бири-бирибизди тиктешип туруп калдык. Жергиликтүү милиция кызматкерлеринин жардамы менен биз өзүбүздүн кишини алып, чыгып кеттик. Эгер ошол жерден бир аз гана убакыт милиция кызматкерлери кечигип калганда, менин ал жерден аман чыгышым күмөндүү иш эле. Себеби, тигил жигиттердин арасында спорт менен алектенген, билеги күчтүү жигиттер да көп болгон”-деген каарманымдын кызматына байланыштуу мындан да кызыктуу, ары коркунучтуу окуяларга бай экени талашсыз.
ТУРМУШ ТЕГИРМЕН, А БИЗ АНДАГЫ МАЙДАЛАНГАН ДАН
Урмат мырзанын ата-энеси сөз башында кеп кылып өткөндөй бири медицина, экинчиси бажы тармагында кызмат өтөгөнүнө байланыштуу эртең менен бала бакчага таштап келген уулу Урматты өз убагында кайра бала бакчадан кайтарып алууга убактысы болгон эмес. Урматтын ата-энеси кеч келээрине көнүп калган бала бакчанын тарбиячысы каарманымды ар дайым өз үйүнө алып барчу экен. Кечки 8:00 же 9:00до гана атасы менен апасы ээрчишип келип, уулун тарбиячынын үйүнөн алып кете турган. “Мен бала бакчада калып калган күндөрү, кичине болсом да ата-энеме таарынып, кийин чоңойгондо сөзсүз түрдө баламдын жанында болом деп ойлоор элем. “Балам балалуу болгондо билесиң” дегендей, кийин мен да чоңойдум, үй бүлө күттүм. Бир жагы жумушумдун оордугу, бир жагы көз караштарыбыздын дал келбегени жубайым экөөбүздүн ортобуздагы мамилени күн өткөн сайын соогундатып, натыйжада, эки башка жолго түштүк. Мен мурда жубайымдын менден эмне талап кылып жатканын да жакшы түшүнчү эмес экенмин. Көрсө аял киши жылуу мамилени, көңүл бурууну жактырат экен. Жашоомдо болуп өткөн бул окуя мага жакшы сабак болду” деген Урмат мырза ар кандай адамдар менен мамиле түзүп, ар кандай тагдырларды көрүп, милициянын мектебинде турмушка тарбияланып келе жаткан айымдар менен мамиле куруп, үй-бүлө түндүгүн көтөрсөм деп ниеттенет. Дээрлик 10 жылдан ашуун тартип сакчылыгында кызмат өтөп келген Урмат мырза милициядан кетүүнү же башка жумушта иштеген күнүн кыялдана алган эмес. Өлкөбүздү бейпилдик менен береке орногон өлкөлөрдүн катарына кошууга өз салымымды кошсом деген аруу максат, кыялдары менен күжүрмөн кызмат кылып келе жаткан чагы.
«Кыргыз Милициясы» журналы