www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга дейре электр жарыгы болбогон Жумгал районунун алыскы Кең-Суу айылында электр жарыгы киргизилип жатат. 

"Жергиликтүү элди кубанткан мындай жакшы саамалыкты ишке ашырууга 7 миллион 400 миң сом каражат сарпталып жатканы маалым болду. 

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы аркылуу аталган каражаттын 1 миллион 400 миң сомуна 90 даана электр мамычасы (столба) сатып алынып, орнотулуп жатса, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом кошумча жабдууларды алууга бөлүнгөн.

Кызыгы, дал ушул жасалып жаткан ишти Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев өзү ишке ашырып, айылды электр жарыгы менен камсыз кылып бергендей, бирөөнүн эмгегин өзүнө ыйгарып, айрым жарандарды дагы сүйлөтүп пиар кылган эле. 

Мындай шылуундугун Болот Ибрагимов сынга алып, катуу жооп берген. Көрсө, Нурбек Сыдыгалиев эмес, президент жана анын кеңешчиси Болот Ибрагимов жардам берген экен. Бүгүн Нарын облусунун өкүлчүлүгү чекит койду окшойт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости