www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Такталгандай, Пакистандын жарандары М.Р. жана А.В. ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италия Республикасынын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан, андан ары алар Казакстан, Россия жана Белоруссия аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды. 

Чет элдик жарандар кармалып жана КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Аларга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости