www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанжын Жаза аткаруу комитети социалдык тармактарда тараган мурдагы министр Куандык Бишимбаевди колониядан таппай жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.
«Социалдык тармактарда соттолгон Бишимбаевдин качып кеткени тууралуу жалган маалымат тарады, бул маалымат чындыкка дал келбейт«,- деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон билдиришкендей, мурдагы улуттук экономика министри жазасын «максималдуу коопсуздук» мекемесинде өтөп жатат. Комитет жалган маалымат тараганына байланыштуу буга чейин кылмыш иши козголгонун жана күнөөлүүлөр «жоопкерчиликке тартыларын» кошумчалады. Ведомство расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, Бишимбаев 31 жаштагы жубайы Салтанат Нукенованы токмоктоп өлтүрүүгө айыпталып, 24 жылга эркиндигинен ажыратылган.