www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин экс-министр киши өлтүрүү жана кыйноо үчүн 24 жылга эркинен ажыратылган.
Казакстандын Улуттук Экономика министрлигинин соттолгон экс-министри Куандык Бишимбаев жаза өтөө жайына киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын ИИМинин жазык-аткаруу тутумунун комитетинен билдиришти.
"Соттолгон адам максималдуу коопсуздук мекемесине киргизилди. Жазык-аткаруу кодексинин 88-беренесине ылайык соттолгондор жаза өтөө жайларына тиркемесине ылайык жөнөтүлөт", – деп белгилешти жазык-аткаруу тутумунун комитетинен.
Эскерте кетсек, Бешимбаев былтыр 9-ноябрда жубайынын өлүмүнө шектелип кармалган.
Июнь айынын аягында соттун өкүмү күчүнө кирип, ага ылайык экс-министр өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү жана кыйноо боюнча күнөөлүү деп табылып, 24 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg