www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек бийлиги мүлк салыгын көтөрүүнү карап жатат

Бишкек шаарынын бийлиги мүлккө салыкты көтөрүүнүн жолун караштырууда. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында билдирди.

Депутаттар социалдык тармактарда салыктын жогорулашы боюнча кептер айтылып жатканын жүйө келтирүү менен мэрия ачык жооп берип, айтылып жаткан кептерге чекит коюшу керектигин белгилешти.

"Мэрия тарабынан бул маселе иликтенип жатат. Эгерде зарылчылык болсо, кароого киргизебиз", — деп жооп берди вице-мэр.

Бүгүн шаардык кеңеш мүлк салыгы жөнүндө токтом кабыл алды. Вице-мэр салык көптөн бери эле салынып келгендигин, бирок күчүнө кирген жаңы Салык кодексине ылайык, 2023-жылдан баштап документти жергиликтүү бийлик кабыл алышы керек экенин түшүндүрдү. Депутаттар шаар тургундары мэриянын бул идеясы шаардык кеңештин демилгеси деп түшүнүп, эл өкүлдөрүнө нааразы болуп жатышканын айтышты.

Мүлк салыгы үй жана автоунааларга тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости