www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан заманбап өрт өчүрүүчү 100 машина келди. Бийлик аны шаан-шөкөт менен "Ала-Тоо" аянтына тизип демонстрациялоодо. 

Томуктан тоодой пиар жасап көнгөн бийлик, бул абалды колдон чыгарбай уу-дуу кылууда. Айрымдар, адат болуп калгандай 30 жылда мындай болгон эмес деген добулбасты дүңүлдөтүп жатышат. 

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүүчү унааларды, тез жардам көрсөтүүчү жабдыктарды жана мобилдик оорукананы бекер берери маалымдалган... 

Арийне, жаңы техникалардын келгени жакшы. Бирок орустар айткандай бекер сыр капканда гана болот деген кооптуулук бар. Деги арты жакшы болсун дейли. 

Дегенибиз, Өзбекстан 20 тез жардам машинасын белекке бекер бергенден кийин, стратегиялык мааниси зор "Кемпир-Абад" суу сактагычын кармата бердик эле. 

Эми "Жетим-Тоону" Кудай сактаса экен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости