www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек энергетиктеринин техникалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Электр тармактарын тейлөө жана авариялык-калыбына келтирүү иштерине 6 даана жаңы атайын техника тапшырылды.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин энергетика тармагын модернизациялоо жана электр тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларынын алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасына жаңы атайын техника берилди.

Маалыматка ылайык, техника ишкананын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлүп, электр тармактарын эксплуатациялоо, оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринде колдонулат.

Анын ичинде Түндүк РЭСке Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу кран-манипулятор жана автогидрокөтөргүч берилди.

Ал эми Чыгыш РЭС, Батыш РЭС, Аламүдүн РЭС жана Изоляция, сыноо жана чыңалуудан коргоо боюнча жергиликтүү кызматка JAC T8 үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды.

Жаңы техника энергетиктердин мобилдүүлүгүн жана иштин ыкчамдыгын жогорулатып, электр тармактарындагы оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.

Ишканада атайын техникалар паркын жаңылоо материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатууга багытталганын белгилешти.

Последние новости