www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек МАИсинин экс-начальниги Зумрад Жанабаева жумуш издөөдө. Ал айлыгы жакшы жумуш издеп жатканын фейсбукта жарыялады. Айтымында, полковник айым төрт айдан бери жарандык жашоо кечирүүдө, орусчалаганда гражданкада. Ишкердик жасоого каражаты жок экенин, кандай жумуш болбосун аткарууга даярдыгын билдирет.

Зумрад Жанабаева (учурда Зумрад Күмүшалиева деген ысым менен жүрөт) даңазалуу инсандардын – Кыргыз ССРнин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиеванын небереси болот. Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясын жана Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн, полковник. 2014-2015-жылдары Бишкек МАИсин жетектеген. 2015-жылдын күзүндө Кылмыш кодексинин эки беренеси – 304- (“Ыйгарым укуктарынан аша чабуу”) жана 315-беренеси менен (“Кызматтык жасалмачылык”) кармалган. Соту дале бүтө элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости