www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Мирлан Ишенбекович, шаардын мэри Айдар Жусупбековду кызматтан ала албай 3 жолу тең кворум жок, чогулта албай убара болуп жатканыңыз боюнча сөз тарады. Мэрди кетирип өз кишиңизди коеюн деп атасызбы?

--«3 жолу кворум болгон жок»-деген сөз жалган маалымат. А мэрди кетирүү аракети болуп жатканы чындык. Бирок, Республика Ата Журт фракциясы мэрдин маселесин чечүүгө каршы болуп, жыйынга келбей жатышат, анткени мэр ошолордун квотасы менен келген. Эми эл нааразы болуп иштебейт деп жатса кантип анан колдомок элек. Өзү болсо отчётун бербей качып жүрөт…

--Сиздерге мэрдин орду керек болуп жаткан жокпу?

--Шаар баарыбыздыкы, мэр иштебей жатса анан жаңысын алып келебиз да. Мен азыр сизге: “Баланча адамды алып келебиз”-дей албайм. Анткени ар бир фракция өзүнүн талапкерин көрсөтөт. Анан тандап шайлап алабыз. Ага чейин Жусупбековдун тагдыры бир жагына чечилиш керек.

--Анчалык иштебей жатса депутаттар каршы болбой, бат эле чогулуп мэрди кызматтан кетирип коюш керек эле го, саясат кылып жаткан жоксуздарбы?

--Азыр мэрдин отчётун депутаттар дагы күтүп атышат. Бизге иштей турган мэр керек, жөн эле басып жүрө бере тургандар керек эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости