www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына пенсионер Эмил Абдыкадыров мэр болгону шаардын кунары кетти. Таштанды өз убагында чыкпаганы көнүмүш адатка айланды. Мына эми суу жок. Жай жаңы башталды. Жашылдандыруу иштерине, сугат суу түгүл, ичээрге таза суу таппай жатышат. 

Айталы, Бишкек шаарынын бир канча калктуу конуштарында бир топ күндөн бери таза суу жок, курбака болушуп аргалары кетүүдө. Мэр башым деген жок. Карапайым калк суу жок деп нааразы болушуп, мэрдин шалаакы, мажүрөө ишине ичтери чыкпай, жарыла албай араң турушат.

Абдыкадыровдун дагы бир амалы, чырлуу иштерди орун басарларынын колу менен жасап, өзү билмексен болуп сыртка чыга бергени. Вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКга сурак берип, айып төлөп айласы кетти. Мэр бир ооз жоопкерчилик сезип, коргогонго жарабады. 

Деги эле Бишкек шаары мэрге жарыбай койду. Качан элдин көйгөйүн түшүнгөн, чарбачыл кадр келет? Колго илинээр, иштин көзүн билген ырыстуу бирөө жарым калган эмеспи?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости