www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы эмне себептен 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алганы жатканын түшүндүрдү.
Свердлов райондук администрациясынын тендер боюнча кулактандыруусу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Мэриядан билдиришкендей, тендер 8-март Эл аралык аялдар күнүн утурлай жарыяланган. Майрамга карата райондун ардактуу жашоочуларына жана активист кыз-келиндерге белекке берилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 2020-жылы пандемия күч алып калгандыктан, мындай иш-чара өткөрүлбөй, аялдарга жетишээрлик көңүл бурулбай калган.
«Белек сергек жашоо образын эске салуу менен тандалган. Өзгөчө улгайып калган адамдарга керектүү буюм. Тендердин шарттары боюнча браслетте кан басымын, пульсту, уйкуну, кыймылды көзөмөлдөө функциялары бар болушу керектиги айтылган», — деп жазылган билдирүүдө.
Тендерде талапка жооп бергендердин арасында эң төмөнкү бааны сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылат.
Мэриядан кошумчалашкандай, акимчиликтин бюджетинде белек алууга же кызматкерлерге башка сыйлыктарды берүүгө каражат каралган эмес.
Булак: NazarNews.kg