www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы ун арзан сатылган жайлардын дарегин айтты

Бишкек шаардык мэриясы арзан баадагы унду кайдан сатып алса болорун айтты.

Мэриянын маалыматына караганда, бааларды турукташтыруу, борбордун базарларын жана дүкөндөрүн толтуруу үчүн өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампалардан ун сатат.

Бишкек шаарынын тургундары биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, экинчи сорттогу унду 16 сомдон Карадарыя көчөсүндөгү 3-үйдүн базасынан жана Кулиев көчөсү 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатып алса болот.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номур — 0556 700 800.

Унду арзан баада Кулиев көчөсү 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатып алууга да болот, телефондор: 0 (312) 658658.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости