www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мектепке электрондук кезекке каттоо башталат

Бишкектин мектептерине электрондук кезекке туруу 15-февраль күнү башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Баланы 2021-2022-окуу жылында 1-класска киргизүүгө онлайн-арызды калтыруу үчүн https://mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек.

Каттоо бир эле этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси — жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси — жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.

Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:

баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (оригинал жана көчүрмө);

ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен маалымдама.

Кызыктырган суроолор боюнча төмөнкү телефондорго чалса болот:

Бишкек — 61-39-72, 61-23-40;

Биринчи май району — 66-06-89;

Ленин району — 65-68-93;

Свердлов району — 53-63-38;

Октябрь району — 51-18-20.

Техникалык колдоо үчүн: (0706) 12-22-11, (0776) 12-22-11, (0556) 12-22-11.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости