www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы жеке компанияны сотко берди

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту жер тилкесин ижарага алып, акысын төлөбөй жүргөн компанияны шаардык мэрияга миллион сом төлөөгө милдеттендирди. Бул туурасында Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "М.И.С.К.Б" ЖЧКсы 2012-жылы шаардагы Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1 миң 80 чарчы метр жер тилкесин 2056-жылга чейин ижарага алган. Бирок ижарага алган тарап кызмат акысын төлөбөй келген.

Ага ылайык, ижара акысы 1 миллион 12 миң 414 сомду түзүп, мэрия сотко кайрылган. Соттун чечимине ылайык компания милдеттендирилген сумманы мэрияга төлөп берет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости