www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Депутаттар жада калса президенттин аппарат башчысынан да коркот», - дейт депутат Рыскелди Момбеков.

Анын айтымында, мурда баары тескерисинче болгон. Парламентте каймактардан эмес, аймактардан келген ар тараптуу легендарлуу парламент болгон.

«Парламенттин депутаттарына эл тарабынан абдан чоң ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, Жогорку Кеңеш президентти кетире алат, ал эми президент бизди (ред- парламентти) кетире албайт. Бирок, чын-чынына келгенде депутаттар президенттин аппарат башчысынан да коркуп, көз каранды болуп жатпайбы.

Мен депутаттарды сабатсыз деп айтуудан алысмын, алар сабаттуу. Бирок, сапатсыз депутат болгонунда да кептин баары.

Мына бизде «легендарлуу парламент» деген болгон. Анда каймактардан эмес аймактардан келген ар тараптуу инсандар, азыркыдай капчыгы калыңдар эмес, кадыры калыңдар парламентке келишкен. Бара-бара парламентке коммерсанттар, базаркомдор кире баштады.

6-чакырылыштын депутаттары эң начар болду. Анткени алардын 90% бай-манаптар болду. Ал эми кийинки чакырылыштын депутаттары бандиттер болот», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости