www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссия борбор калаада партиялардын курултайларын өткөрүүгө уруксат берилгенин дагы бир жолу ырастап, бир нече санитардык эрежелерди сактоо талабын койду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, партиялар курултайларына 100дөн ашык адам чакырбашы керек. Иш-чара өткөн имаратта санитардык-эпидемиологиялык шарттар түзүлүшү керек. Анын ичинде кире бериште, адамдын температурасын текшере турган фильтр, колду жууй турган антисептиктер коюлушу кажет.
Катышуучулар шахматтык ыкма менен, 1,5-2 метр алыстыкта отурушу зарыл. Курултайга келгендердин баары беткап тагынуусу керек, чакырылгандарды өздүк коргонуу каражаттары менен уюштуруучулар камсыздоого милдеттүү. Беткапсыз болгондор жана температурасы 37 градустан ашык адамдар имаратка киргизилбеши шарт.
Курултай башталгыча имараттар дезинфекцияланып, иш-чара учурунда да желдетилүүгө тийиш.
Бардык процедуралык маселелер боюнча партиялардын өкүлдөрүнө шайлоону өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылуу кеңеши берилген.
Булак: NazarNews.kg