www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Smart TV заманбап сыналгылары үйдүн ичинде болуп жаткан окуялардын баарын аудио жана видео түрүндө жазып турушу толук мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости "Цифровые платформы" автономдук коммерциялык эмес уюмунун башкы директору Арсений Шелциндин "Прайм" агенттигине берген маегине таянып жазды.
Шелциндин айтымында, мындай мүмкүнчүлүк кол жаңсоо жана үн менен башкарылат.
"Үн жазылган файлдар добуш менен башкаруу функцияларын жакшыртуу үчүн телевизор чыгарган компаниянын серверине жөнөтүлүшү ыктымал. Ошол эле учурда америкалык укук коргоочулардын маалыматы боюнча, кайсы бир өлкөлөрдүн атайын кызматтары дүйнө жүзүндөгү адамдарга көз салып туруу үчүн акылдуу телевизордун программасын колдонот", — деп айткан эксперт.
Булак: NazarNews.kg