www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 46 жаштагы кишинин 12 жаштагы кыз менен нике кыйганын укук коргоо органдарына кабарлаган Душанбе шаарынын жашоочусу өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирди.

“Ал камалгандан кийин мени өлтүрөрүн айтып коркутту. Менин кандай абалда экенимди элестете албайсыңар. Мен байкуш жана сабатсыз болсом да, өз канымды кордотуп койбойм", – деди 34 жаштагы келин.

Тажикстан Ички иштер министрлиги 5-августта Давлатманд Касиров аттуу 46 жаштагы киши 12 жаштагы кызды алдап, ата-энесине айтпай диний никеге турганын кабарлаган.

Касировго карата жашы жете элек балага уятсыз мамиле жасоо жана эки аял алуу айыбы менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Тажикстан ИИМнин маалыматына таянып чет элдик булактар жазды.

Маалыматка караганда, 12 жаштагы кыз апасы менен бирге Давлатманд Касировго таандык батирде жашашкан. Апасы ишке кеткенде үй ээси секелекти алдап, нике кыйдырган. Төшөктө бирге жатуудан баш тартканы үчүн сабаган.

Ал мурун дагы ушундай аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тажикстанда жергиликтүү укук коргоо уюмдары эне менен баланы адвокат менен камсыздады. Кызга психолог жардам көрсөтүүдө.

Тажикстанда жашы 18ден жогорулар гана никеге тура алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости