www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мамлекетке 154 млн 827,3 сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасы” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анда 154 млн 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталды.

Тактап айтканда, аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдаланышып, башка жөнөтүүчүлөрдүн катышуусун атайылап чектеп, мыйзамда белгиленген конкурстук тооруктарды өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD компаниясы менен 1 даанасы 91 миң доллар, жалпы суммасы 10 млн 920 миң доллар болгон 120 даана чоң сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн.

Мындан тышкары, сынактык документациянын талаптарын бузуу менен келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөп, автобустарды жеткирүү Кыргызстандын чек арасына чейин гана жүргүзүлөөрү мыйзамсыз белгиленген.

Натыйжада бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 339,5 долларын түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи сынактын катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 889,5 долларга, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 906 740 долларга же 154 млн 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн.

Ошондой эле "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" КР мыйзамынын жана сынактык документациянын талаптарын бузуу менен ишкананын башкы бухгалтери жана башка жооптуу адамдары менен макулдашпастан туруп, жөнөтүүчү тарабынан банктык кепилдикти албастан, муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. жеке өзү мыйзамсыз түрдө ZH.B.H. CO LTD компаниясына келишимдик баанын 10% же болбосо 1 млн 92 миң доллар өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды алдын ала которуп жиберген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (“Атайылап пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости