www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен аймактарына эки ирет Тажикстан тарабынан жасалган кол салуулар бул божомолго далил болгондой.  Чек ара кызматы атайын кызматтын курамына кошулганы иш жүзүндө өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай пайда же артыкчылык алып келбеди. Мындай пикирин саясий эксперт Медербек Корганбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Аскердеги, чек ара кызматындагы, күч түзүмдөрдөгү өзгөрүүлөр катардагы жоокердин өтүгүнөн башталат. Жоокердин кийими, бутундагы өтүгү жакшы сапатта болсо, аскерлердин курсагы ток, жеке куралы заманбап болгондо гана башка чоң техника жана курал-жарак сатып алсак болот. Асманда учкан байрактардан эмне пайда, жерде турган аскерибиз ачка жана начар камсыз болуп жүрсө?

Аскерлердин камсыздоо иш-чаралары, кандай курал келип жаткандыгы - аскердик сыр жана коомго бул маалыматты таркатпай жашыруун сактоо абзел.

Мамлекеттик органдар бир тарапттуу иш алып баруусу - коррупция менен гана күрөшү башка коркунучтардан жогору турбасын. Акыркы эки жыл ичинде өкмөт паракорчулук жана экономикалык кылмыштуулук менен толук алек болуп, чалгындоо, контрчалгындоо, терроризмге каршы күрөшүү тармактарына тиешелүү денгээлде көңүл бурулбай, калып кеткендей сезилет.  Баткен аймактарына эки ирет Тажикстан тарабынан жасалган кол салуулар бул божомолго далил болгондой.  Чек ара кызматы атайын кызматтын курамына кошулганы иш жүзүндө өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай пайда же артыкчылык алып келбеди.

Демек, чек ара кызматы өзүнчө бир түзүм болуп бөлүнүшү керек же болбосо атайын кызмат өзүнүн бүгүнкү аткарып жаткан жумуштарынын багытын жана маңызын өзгөртүп, мурда кетирген катачылыктарды жоюш керек.

Бүгүнкү күндө чек ара коопсуздугу биздин Ак үйдүн саясий тагдырын чечүүчү шартына айланды. Тажикстан жана Оруссия бийлиги муну жакшы түшүнүп турат. Душанбе чек арадагы кыска өтүүчү согуштар аркылуу өзүнүн улуттук кызыкчылыгын жогору коюууга аракет кылып жатат, ал эми Оруссия тажик бийликтин колу менен кыргыз аткаминерлердин айласын кетирип, Бишкекке саясий басымды уюштурууда. Рахмон жана Путиндин кызыкчылыктары бүгүн бир-бирине ылайык болуп жаткан кез. 

Кыргыз бийлиги мындай оор абалда кимге таянат? Бул биринчиден Түркия. Бишкек Анкара менен аскер-техникалык кызматташуусун күчөтсө туура болот. Экинчиден, Украинадан үлгү алсак жаңылашпайбыз.

Украина кантип согушуп жатат, кандай курал колдонуп жатат? Кайсы өлкөлөрдүн куралы мыкты?

Үчүнчүдөн, бийлик оппозицияны, журналисттерди душман деп көрбөсүн. Бул адат жакшы эмес. Азыркы кырдаалда Кыргызстандын биринчи душманы - бул Эмомали Рахмондун ыплас жана кандуу режими болуп саналат. Рахмонго каршы туруу үчүн жалпы коомдун, саясий кыймылдардын биригүүсү жана ынтымагы абдан керек», - деп белгилеген Коргонбаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости