www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы "Белес.kg" компаниясынын автобустарын сатып ала турган болду, макулдашуу даярдалып жатат. Бул туурасында вице-мэр Бактыбек Абдиев парламентте билдирди.

"Бир ай болуп калды, бул ата мекендик компания бизге сертификаттарын алып келди. Бүгүнкү күндө мэрия макулдашууну даярдап жатат. Автобустарды өз каражатабызга сатып алалы деп жатабыз", — деди Абдиев.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Белес.kg" компаниясынын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тарткан. Ошондой эле техникалык талаптарга жооп бергени тууралуу сертификаты жок экенин айткан болчу.

Анын алдында президент Садыр Жапаров аталган ишканага барып 10 троллейбус жана 10 автобус заказ кылып, сыноодон өткөрүү тапшырмасын берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости