www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар жер тилкелери боюнча бир катар орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдө, анын ичинде белгилүү бир контурга турак жайларды курууга жана социалдык объектилерди баштоого уруксат алууда көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жер амнистиясынын алкагында өлкөнүн жетекчилиги тарабынан калктын жер тилкесине тийиштүү көйгөйлөрүн чечүү максатында ченемдик актылар тийиштүү түргө келтирилип, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип киргизилген.

Министрлер кабинетинин башчысы чогулган жарандарды келечекте талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн жер тилкесине укук белгилөөчү документтерди тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдө мыйзамдуу түрдө тариздеп, менчик укугун орнотуп, тилкелердин чек арасын тактап, андан кийин гана турак жайларды курууга киришүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, келечекте калкка турак жайларды курууга жеңилдетилген насыяларды бөлүү пландалууда.

Жолугушууга катышкан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Военно-Антоновка айылынын тургундарын кызыктырган бардык маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости