www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 19-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскартты. Бул тууралуу Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимин быйыл 8-майда кабыл алынган мунапыс тууралуу мыйзамга ылайык кабыл алган.

Адвокат Кубанычбек Ташбалтаев Илмиянов буга макул эмес экендигин белгилеп, чечим колго тийсе Жогорку сотко даттаныша турганын кошумчалады.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн боло элек.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости