www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин партиясын 2020-жылдын 19-июнунан тарта анын уулу Сеид Атамбаев жетектейт. Бул тууралуу партиянын жаңы лидери социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

“28-майда Социал-демократтар саясий партиясынын курултайы болуп, анда мен партиянын лидери болуп шайландым. Бүгүн, 19-июнда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги маалымат базасына өзгөртүүлөрдү киргизди жана мен эми расмий түрдө Социал-демократтар партиясынын лидеримин.

Социал-демократтар партиясы Алмазбек Шаршенович тарабынан 2018-жылы түптөлгөн. Алмазбек Атамбаев кырдаалды алдын-ала божомолдогон жана акылдуу, көрөгөч саясатчы катары КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого бара албай калса деген ой менен жаңы платформаны түзүп, стратегиялык жактан туура иш кылган.

Тагдырдын жазганына ылайык, ал өзү азыркы учурда партияны жетектей албайт жана жигердүү саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан КСДПны чыныгы оппозиция жана адилеттүү бийлик катары көргөн партия мүчөлөрүнүн, депутаттардын, тарапташтардын өтүнүчү жана Алмаз Шаршеновчитин колдоосу менен партияны мен жетектейм”, - деп жазган ал.

Дорогие кыргызстанцы! 28 мая прошёл съезд политической партии Социал-демократы, на котором я был избран лидером партии,...

Опубликовано Сеидом Атамбаевым Пятница, 19 июня 2020 г.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости