www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактан чыгарылган кримтөбөл Камчы Көлбаевди Бишкек шаардык соту эмне себептен эркиндикке чыкканы боюнча маалымат таратты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактардын бирине Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирген. 

--"Камчы Көлбаевдин туруктуу жашаган жери жана колунда жашы жете элек балдары бар. Ошондой эле сотко шектүүнүн тергөөдөн жашырчу же тергөө ишине тоскоолдук кылуу ниетин көрсөткөн далилдер келтирилген эмес", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Камчы Көлбаев кечээ, 2-мартта Бишкек шаардык соту тарабынан эркиндикке чыккан. Ал эми УКМК Камчы Көлбаев келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгонун шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49 миллион 600 миң сом которушканын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости