www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жекшемби күнү Бишкекте тиричилик кылып жаткан адамдарга Пакистандын борбору Исламабадда жүргөндөй сезимдер пайда болот.Көчөдө көпчүлүгү пакистандык студенттер басып калышат. Титулдук калк кыргыздар баштап башка улуттар чанда гана көрүнбөсө, Бишкек мэриясынын тегерегинде пакистандыктар гана басып калышат. Албетте, мунун себеби бар. Кыргызстандын жогорку окуу жайында, көбүнчө мединституттарда пакистандык студенттер көбөйүп баратат. Кээде алар менен ызы-чуулар чыгып кетет. Акаевдин заманында өкмөт башчы болгон Кубанычбек Жумалиев учурда кыргыздын эң бай олигархтарынын бири. Ал ээлеген обьекттерди санап жүрүп Сыймык Бейшекев генералга жетип, чачы агарды. Кубанычбек Жумалиев көрөр көзү ырчылык менен атакка жеткен Роза Аманованы өзү түзгөн мединститутка ректор кылган. Бул жерде да пакистандыктар менен бир нече ирет кагылуушулар болуп турганын маалыматта жер дүңгүрөткөн.

 Афганистандагы окуядан кийин Бишкек шаарында жана айылдарда оогандык качкындар көбөйүп кетти деген ар түрдүү пикирлер жаралып, кооптонгондор болгон. Мындан улам пакистандыктардын эмне себептен көбөйүп кеткенине кызыгып көрдүк.2009-жылы кабыл алынган "Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимге ээ болгон чет мамлекеттердин жарандарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" КР Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизген жаңы токтом Министрлер Кабинетинин төрагасынын колу менен 2021-жылдын 8 июлунда чыккан. Тизме дүйнөнүн 79 мамлекетине тиешелүү. Алардын 11 мамлекетине Кыргыз Республикасы өзгөчө эрежелерди орноткон. Анын ичинде Египет, Индия, Марокко, Пакистан өңдүү мамлекеттер бар. Ушул өлкөдөн келген жарандарга жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим 2022-жылдын 31-декабрына чейин жарайт.

Биздин өлкөдө Индия жана Пакистандан келген миңдеген студенттер билим алышат. Бул жылы окуу 15-сентябрдан баштап кадимки режимде окутула баштаган. Ага алдын-ала келгендер да бар. Пакистандын Исламабад, Лахор, Пешавар шаарларынан Пакистандын студенттери келишүүде. Пакистандын жарандары визаны Бишкек аэропортуна келип түшкөндөн кийин алышкан. Бул иш-чара инвестициялык, ишкер жана туристтик тармакты өнүктүрүү багытын көздейт. Жөнөкөйлөтүлгөн виза режим чынында чет өлкөлүк жарандардын көп келишине таасирин берүүдө. Мындан Кыргыз Республикасы утулбайт, утуш гана табат. Анткени, транзит өлкө болуу менен жакшы акчаларды түшүрүп алса болот.

Чет өлкөдөн, өзгөчө Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген жарандар кайра өз багыттарын Сауд Арабиясына бурушат. 2020-жылы Сауд Арабияда 2,5 млн пакистандыктар болгондугу тастыкталган. Пакистандыктар жайкы аптапта Бишкекте жана Ысык-Көлдө көп жүрүшүүдө. Ысык-Көл районунун көл жээкке жакын көптөгөн айылдарында жана өзгөчө Чолпон-Ата, Бостериде жүрүшкөнүн көрүүгө болот

Пакистандыктар жайында минтишкен: "Биз Пакистандын Пешавар шаарынан келдик. Бишкекке учуп келип, Сауд Арабиясына кетели деп турабыз. Көбүбүз Бириккен Араб Эмирлигинде жана Сауд Арабиясында ар кыл жумуштарда иштейбиз. Бишкекке транзит менен келип, Сауд Арабияга учканы турабыз. Бирок, дароо уча албай, күтүүгө туура келүүдө. Анткени, Бишкектен Сауд Арабияга бир күндө бир гана самолет учуп жатат. Биз болсо кетээр күнүбүздү күтүп, күн өткөрүүнүн айласында ар кайсы жерди кыдырып жүрөбүз. 11 күндөн кийин кетебиз. Күн өткөрүү үчүн Бишкектин ичин кыдырдык, анан Ысык-Көлдү көрүү үчүн атайын келдик. Кыргыз жери Пакистанга абдан окшош экен. Биздин да ушундай тоолорубуз, көлдөрүбүз бар. Кыргыз эли абдан меймандос, ачык жана билимдүү экен", - дешти жашы 30га чыга элек пакистандык мигранттар. Алардын аялдары, кичине балдары үйлөрүндө калышкан. Алар күйөөлөрү салган акча менен жашашат.

Пакистандыктардын "Бостери" пансионатынын жээгинде топтошуп алып ырдап, бийлеп, "Пакистан!" деп кыйкырган видеосу элге тараган. Мындан кийин Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу транзит менен Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына жумушка бара жаткан Пакистандын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскерткенин билдиришти. Кыргыз калкы Ысык-Көлдө самынданып жуунушпайт, ал эми пакистандыктар кыйкырышканы аз келгенсип, көлдө самынданып жуунушканы элдин кыжырын келтирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости