www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына 145 жыл. Майрамдык иш-чаранын программасы

Бишкек шаарынын 145 жылдыгын белгилөөнүн урматына борбор калаанын мэриясы тургундар жана коноктор үчүн майрамдык программа даярдады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-апрелде (Шаар күнү) саат 18.00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт уюштурулат.

Мындан тышкары, 27-28-апрель күндөрү концерттер жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү:

  • 27-апрелде саат 14.00дө Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканасында (Чокморов көч., 246) илимий-практикалык конференция өтөт.
  • 27-апрелде саат 18.00дө “Ынтымак-2” сейил багында мэриянын маданият башкармалыгынын “Кыргыз руху”, “Сувенир” чыгармачыл топторунун концерти болот.
  • 27-28-апрелде Фучик атындагы сейил багындагы Диалог маданият үйүндө концерт жана сынактар өтөт.
  • 28-апрелде саат 11.30да Тоголок Молдо аянтында “Менин сүйүктүү шаарым” аттуу китеп көргөзмөсү болот.
  • 28-апрелде саат 18.00дө Курманжан Датканын эстелигинин жанында мэриянын маданият башкармалыгынын “Семетей”, “Доор” чыгармачыл жамааттарынын концерти болот.

Ошондой эле майрамдык иш-чаралар борбор калаанын төрт районунда тең өткөрүлмөкчү. Программа менен толук таанышуу үчүн шилтемени басыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости