www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-марттан 27-апрелге чейин Бишкек шаарындагы спорттук базаларда Кыргыз Республикасынын Универсиадасы өткөрүлөт. Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген 2500–3000ге жакын студент катышып, спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Универсиаданын расмий ачылыш аземи 12-мартта саат 15:00дө Бишкек шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.

Мелдештер Жогорку лига жана I лига форматында уюштурулуп, студенттер төмөнкү спорт түрлөрү боюнча таймашат:

1. Волейбол;

2. Баскетбол;

3. Футзал;

4. Ордо;

5. Тогуз коргоол;

6. Шахмат;

7. Жеңил атлетика;

8. Оор атлетика;

9. Эркин күрөш;

10. Грек-рим күрөшү;

11. Самбо;

12. Дзюдо;

13. Бокс;

14. Кыргыз күрөшү;

15. Стол тенниси.

Последние новости