www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Тилек Түкебаевдин уулу Баатырбек камактан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Баатырбек Түкебаевдин иши Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп, каралып жатканы такталды.

Маалыматка ылайык, учурда сот териштирүүдө күбөлөр суралууда.

«Бир күбө суракка алынды. Жабырлануучунун оорусуна, ошондой эле судьянын эмгек өргүүсүнө байланыштуу ишти кароо кийинкиге жылдырылды. Кийинки жолугушуу 29-ноябрга белгиленген», - деп билдиришти облусттук соттон.

Эске салсак, февраль айында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалган. Милициянын улук лейтенанты Баатырбек Түкөбаев жана ОИИБнин тергөөчүсү милициянын капитаны А.К.Т. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн опузалап акча талап кылганы кабарланган.

Белгилей кетсек, кечээ укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Сапарбек Аргымбаевди камоого буйрук берген Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Тилек Түкебаев болгон. Окуя учурунда улгайган, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы жулмалап, сүйрөп келип милиция унаага салып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости