www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин кризисинде жеңүүчү болбойт жана тынчтыкка жетишүүдөн бардык тараптар пайда көрөт. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жаңжалдын кесепеттерин ушинтип баалады, деп билдирет ТАСС басылмасы.

Түрк мамлекет башчысы Украинадагы тынчтыктын жолу диалог аркылуу экенин белгиледи. Ал азыркы кризисти жөнгө салуу боюнча аракеттерди мындан ары да күчөтүүнү убада кылды.

«Орусия менен мамилебизде бекем негиз бар. Биз Украина менен Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу аракетин көрүп жаткан шартта бул согушту үчүнчү дүйнөлүк согушка айландыруу үчүн шарт түзүүнүн кереги жок», - деди Эрдоган.

Эске салсак, буга чейин Эрдоган Балидеги Чоң жыйырмалыктын саммитинен кайтып келгенден кийин орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирген. Түркия мамлекетинин башчысы дан боюнча келишимдердин мөөнөтүн узартууга үмүттөндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости