www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай. Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында Ысык-Ата РИИБинин тергөөчүсү Эрмек Турдалиев 3-августтан бери жатканы кабарланды. Бул боюнча анын жакындарынын арыздануусун эч ким кабыл албай жатабы? Мыйзам боюнча кылмышка шектүү адам 48 сааттан ашык жөндөн-жөн кармалбашы керек. Сот баш коргоо чарасын карайт. Бошотот же СИЗОго жөнөтөт.

Элементардуу ушундай жолу бар. Ал эми тергөөчү Эрмек Турдалиев айыптоону мойнуна албаганы, каршылык көрсөткөнү үчүн беймаани кармалуудабы?

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кабардарбы? Натыйжада, Бишкек ШИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев кол астындагы мекемеге көзөмөл кыла албай, чаржайыттыкка, шалаакылыкка алдырдыбы?

Соттун чечими жок болгондон кийин, убактылуу кармоочу жайда жөн эле жата береби? Деги ушул өңүттөн кызыгып көрө турган текшерүүчү органдар иштебейби? Баары эле шал болуп калбагандыр...

Булак: Азия News гезити

Последние новости