www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Узакка созулган аномалдуу ысык аба ырайы жана адаттагыдан аз жааган жаан-чачын Кытайдын бир катар аймактарында кургакчылыкка алып келип, айыл чарба өндүрүшүндө олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук метеорология башкармалыгынын экология жана айыл чарба метеорологиясы бюросунун директорунун орун басары Ли Сен 23-августта Пекинде Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсүнө (CCTV) берген маегинде билдирди. Мындай маалыматты NazarNews маалымат сайтына кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягынан бери Кытайдын түштүк аймактары катуу ысыктын кучагында. Температурасы жогору болгон күндөрдүн орточо саны (абанын максималдуу температурасы Цельсий боюнча 35 градуска жеткенде) 19 болду, бул 1981-жылдан берки ушул эле мезгилдеги рекордду жаңылады. Атап айтканда, Сычуань ойдуңунун чыгыш бөлүгүнөн Янцзы дарыясынын орто жана төмөнкү агымына чейинки райондордо температура жогору болгон күндөрдүн саны 20дан 40ка чейин өзгөрүп турат, бул мурунку мезгилге салыштырмалуу 5-15 күнгө көп.
Ушул жылдын июль айынан бери борбордук Чжэцзянда, түндүк-чыгыш Цзянсиде, түштүк-чыгыш Сычуаньда жана башка бир катар аймактарда жаан 50 миллиметрден аз болду, бул мурунку жылдардагыдан кеминде 50% аз дегенди билдирет.
«Түштүк аймактарда мындай узакка созулган ысык аба ырайы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө зыянын тийгизип жатат. Бул жерде сөз негизинен бир түшүмдүү күрүч жөнүндө болуп жатат. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, жогорку температуранын зыян индекси 1981-жылдан берки эң жогорку деңгээлге жетти, бул 2006 жана 2013-жылга караганда бир топ жогору», - деди Ли Сен.
Бул аптада ысыктан жана кургакчылыктан бир аз тыныгуу болот, анткени кээ бир аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бирок, жогорку температуранын таасирин толугу менен жумшартуу үчүн кыска мөөнөттүү жаан-чачын жетишсиз деп эсептейт эксперт. «Жакынкы арадагы жаан-чачындардын болжолдоолорун эске алганда, мисалы, жакынкы 10 күнгө болжолдонгон жаан-чачындын жалпы көлөмү Янцзы дарыясынын ортоңку жана төмөнкү агымында 25 миллиметрден аз болот, бул айыл чарба кургакчылыгы уланат же тереңдейт дегенди билдирет. Ошентип, жай менен күздүн кесилишинде өлкөнүн түштүк аймактарында жогорку ыктымалдуулук менен үзгүлтүксүз кургакчылык күтүлөт, бул өз кезегинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө белгилүү бир деңгээлде терс таасирин тийгизет деп болжолдоого болот", - деп Ли Сен эскертти.
Булак: NazarNews.kg