www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куттубек Оморов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Бишкек Сити” эл аралык бизнес борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын директору болду. Бул тууралуу бир күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштурууга 4 миллион сом бөлүү маселеси депутаттардын жактыруусуна коюлду. Бул акча кызматкерлердин айлык акысын төлөө үчүн керек, дейт Куттубек Оморов.
Жыйында Мамлекеттик дирекциянын ишинин башка деталдары, ошондой эле долбоордун өзү айтылган жок.
Депутат Дастан Бекешев “Бишкек сити” курулушунун ишке ашуусунан күмөн санаарын билдирди.
Юстиция министрлигинин маалымат базасында аталган мамлекеттик дирекция 2022-жылдын 17-январында түзүлгөнү көрсөтүлгөн. Ал өткөн аптада – 2022-жылдын 30-сентябрында кайра катталган. Негизги ишмердүүлүгү турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу болуп саналат.
Ачык маалыматтарда Куттубек Оморов бир эле убакта бир нече компаниялардын жетекчиси же негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн – курулуш ААК «Кыргызэнергоспецремонт», ЖЧК «Галлея», ЖЧК «Делта Билдинг Групп», «Ташчайнар Келечек» ЖЧКсы башка минералдык чийки затты жана курулуш ташын казуучу компания жана ООО "Гул Бак".туристтик агенттиги.
Булак: NazarNews.kg