www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам Тажикстанга кире качкан кыргыздар тууралуу маалымат таратты. Анда памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканы, аймактагы шарттын катаалдыгынан, байланыштын начардыгынан кандайдыр бир так, кеңири маалымат алуу мүмкүн болбой жатканы айтылат.

“Кыргызстандын ТИМи ооган кыргыздарына байланыштуу БУУнун тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылды. Ооган кыргыздарын тажик-кыргыз чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп коюу өтүнүчү менен Тажикстанга нота жөнөтүлдү”, деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул маселе президенттин, Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө экенин жазылган.

Мунун алдында Тажикстандын Чек ара кызматы Ооганстанда жашаган 345 этникалык кыргыз талибдерден качып келгенин, жолдо эки ымыркай чарчап калганын билдирген.

Анда гуманизм жана ынак коңшулук принциптерин карманып, ооган кыргыздарын өз аймагына киргизгени, качкындар Мургабдагы Кызыл-Рабат айылындагы Чоштепп жана Дуйтук участогуна жайгаштырылганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости