www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде бийлик аша чаап, кыянаттык кылса, революция болот. Мындай пикирди эксперт Жыргалбек Турдукожоев билдирди. 

--"Мен билгенден, дегеле административдик ресурс пайдаланылбаган шайлоо жок. Кыргызстанда эле эмес башка өнүккөн өлкөлөрдө деле бул ресурс колдонулат жана колдонулуп келе жатат. Болгону кандай деңгээлде колдонулат, кеп ошондо.

Бизде Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербейбиз, анын ичинде административдик ресурстар колдонулбайт деп айтып атпайбы. Биз ошого ишенели.

Бирок акыркы шайлоодо чоң административдик ресурс колдонулганы байкалган жок. Колдонула турган болсо, аягы жакшы бүтпөйт. Революция болбойт деп айтылып жатпайбы. Эгерде бийлик аша чаап, кыянаттык кылса, революция болот", - дейт эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости