www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча мыйзамсыз аңчылык жүргүзгөн жаран аныкталып, административдик жоопкерчиликке тартылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгына жарандардан мыйзамсыз аңчылык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматтын негизинде башкармалыктын инспекторлору Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.
Анын жыйынтыгында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок аңчылык кылган жарандын өздүгү аныкталды.
Мыйзам бузган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 6 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.