www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бардыгы болуп коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүчү 76 пункт ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ал эми бишкектиктер менен Чүй облусунун тургундары вакцина алуу үчүн 10 пунктка кайрыла алат. Алар:

№1 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№2 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№3 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№4 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№5 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№6 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№7 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№8 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№9 үй-бүлөлүк медицина борбору;

№14 үй-бүлөлүк медицина борбору;

Белгилей кете турган жагдай, Орусиянын «Спутник V» вакцинасы №2, 6 жана 7чи гана үй-бүлөлүк медицина борборунда сайылып жатат. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, аны 65 жаштан өткөндөр жана өнөкөт оорусу барлар ала алат.

Мындан тышкары, эмдөөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасы колдонулууда.

Министрликтен билдиришкендей, вакцина алуу үчүн сөзсүз аталган медициналык мекемелердин биринде каттоодо туруунун зарылдыгы жок. Ошондой эле, Чүйдүн тургундары борбор калаадагы эмдөө борборлоруна кайрылууга укуктуу. Болгону паспортту алып барышы керек. Анткени жаранды эмделгендердин бирдиктүү реестрине каттоого алуу үчүн анын документи талап кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости