www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Саламаттыкты сактоо министрин колдоону суранды

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдоону суранды.

Анын айтымында, Бейшеналиев өлкөдө оптимизация боюнча чоң иштерди жасаган.

«Пандемия боюнча бир топ жакшы иштерди жасап, Түркия, Кытайга чейин барып келген. Ушуну депутаттар ортодон туруп алып эле интрига кылып жатат. Жакшы иштеп жаткан кишини жөн коюш керек болуп жатат. Көрөлү, убакыт келсин. «Уу коргошунду ичкиле» деген жок ал. Бул илгертен келе жаткан, тактап айтканда, Манастан келе жаткан элдик дарылануу. Каныкей «денеси чыңалсын» деп, Манас баатырга берген», — деди Жолдошбаев.

Ошондой эле ал министр кээде кемчилик кетиргени менен негизинен жакшы иш алып барып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 26-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр карамак. Бирок министр Алымкадыр Бейшеналиев жыйынга келбегенине байланыштуу комитеттин отуруму кийинкиге жылдырылган.

Комитеттин мүчөлөрү Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жалпы жыйынында сунуш киргизмей болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости