www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 1-мартта бардык билим берүү мекемелери ачылабы?

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин баары толугу менен качан ачылары азырынча белгисиз. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин соцтармактарда 1-марттан тарта ордо калаадагы бардык билим берүү мекемелери ачылат деген билдирүүлөр тараган.

Мэриянын маалымат кызматы билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча азырынча расмий маалымат жок экенин кабарлады.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы өлкө боюнча, анын ичинде Бишкекте мектептердин баары ачылып, кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Болгону айрым класстар аралыктан билим алып жатышат. Жогорку окуу жайлар алгоритм боюнча чекесинен ачылып жатса, аймактардагы бала бакчалардын дээрлик бардыгы иштей баштаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-февралда, Бишкек мэриясынын алдында ата-энелер митинг өткөрүп, алар онлайн-сабак бир гана Бишкекте уланып жатканына каршы болушкан.

Митингчилердин алдына вице-мэр Айжан Чыныбаева чыгып, Бишкектин мектептеринде бала өтө көп болгондуктан, бардык класстарды кадимки тартипте окутууга уруксат берилбей жатканын түшүндүргөн.

30-январь күнү Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу офлайн окуу режимине өтүү мөөнөтүн жылдырып койгон.

Эскерт е кетсек,18-январдан бери ордо калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып билим алып жатышат. Ал эми бала бакчалар азырынча ачыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости