www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлккө салык киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтомунда айтылат. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети шаардык кеңештин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Маалым кат-негиздемеде айтылгандай, жергиликтүү салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодекси тарабынан жергиликтүү кеңешке берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.
Жергиликтүү салыктарга мүлк салыгы кирет жана жергиликтүү салыктар деп Салык кодексинде белгиленген, жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилген, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөөгө милдеттүү болгон салыктар таанылат.
Булак: NazarNews.kg